ЖМК: Канада АКШ менен партизандык согушка даярданууда

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Канаданын аскер күчтөрү эгер АКШ бастырып кире турган болсо партизандык согуш жүргүзүү сценарийлерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Globe and Mail гезити ишенимдүү маалымат булактарына таянып жазды.
"Өлкөнүн куралдуу күчтөрү афган моджахеддери колдонгон козголоңчулардын күрөш тактикасын караштырууда", — деп айтылат маалыматта.
Ишенимдүү адамдардын айтымында, канадалык аскерлер америкалык армия чабуулду түштүктөн баштап, кургактагы жана деңиздеги стратегиялык позицияларды бир жуманын ичинде, ал тургай эки күндө да басып алышы мүмкүн деп болжоп жатышат.
Ошол эле учурда Канаданын аскер жетекчилиги АКШнын мүмкүн болгон чабуулун кайтаруу үчүн жоокери менен курал-жарагы жетишсиз экенин моюнга алууда. Ошондуктан алар диверсия жасоого, дрондордун жардамы менен тузакка түшүрүү ыкмаларын колдонууга өтүшү мүмкүн.
Маалымат булактардын биринин айтымында, Вашингтондун NORAD алкагындагы өнөктөштүктү токтотуу тууралуу билдирүүсү келечектеги кол салуунун белгиси болушу мүмкүн. Теориялык жактан алып караганда, мындай учурдан кийин Канаданы күч менен басып алуу буйругу берилиши ыктымал.
Гезит ошондой эле мындай план азырынча таанышуу мүнөзүндө гана жүргүзүлгөнүн, ал эми Канаданын бийлиги коңшу өлкө бастырып кирет деген сценарийди ишке ашпай турган нерсе катары карай турганын белгилеген.
Январдын башында Bloomberg агенттиги канадалыктар АКШ президенти Дональд Трамп үчүн Гренландия менен Венесуэладан кийинки бута болуп калуудан кооптонуп жатканын жазган.
2025-жылы Трамп кызматтан кеткен Канаданын премьер-министри Жастин Трюдону АКШ тарабынан канадалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу пикир келишпестиктердин фонунда "Улуу Канада штатынын губернатору" деп атаган. Кийинчерээк Трамп Канада АКШнын курамына кирсе Вашингтон киргизген соода пошлиналарынан кутулуп, аскердик коргоо ала алмактыгын айткан.
Декабрда Трамп Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндрини Гренландия боюнча атайын өкүлү кылып дайындаганын жарыялаган. Кийин губернатор АКШ аралды өзүнө кошуп алууну көздөп жатканын тастыктаган. Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен бул билдирүүлөргө нааразы экенин айтып, АКШнын Копенгагендеги элчисин чакырып, түшүндүрмө талап кыларын билдирген. Дания менен Гренландиянын премьер-министрлери Метте Фредериксен жана Йенс-Фредерик Нильсен биргелешкен билдирүү жасап, АКШны Гренландияны басып алуудан карманууга чакырышкан. Алар эки тараптын жалпы аймактык бүтүндүгүн урматтоону талап кылышарын дагы белгилешкен.
Трамп Макрон жана НАТОнун жетекчиси менен жазышкан катын жарыялады