Трамп Гренландия боюнча: аскер күчүн колдонбойм

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Швейцариянын Давос шаарындагы дүйнөлүк экономикалык форумда АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жакында баштоого ниеттенип жатканын айтты.
АКШ лидери анда Гренландияда аскер күчүн колдонбой турганын билдирген.

"Мен дүйнөнү коргоо үчүн болгону муздун бир бөлүгүн сурап жатам. Аларда тандоо бар. Силер "ооба" десеңер, анда абдан ыраазы болобуз, "жок" десеңер аны эске түйүп коебуз. Бул сураныч ондогон жылдар бою биз аларга (НАТОдогу союздаштарына – ред.) берип келген нерселерге салыштырганда өтө эле аз", – деген ал.

Төмөндө Трамптын арал боюнча айткандары:
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Гренландияны Данияга берүү акылсыздык болгон;
мен болгону Гренландияны коргоо үчүн ага толук ээлик кылууга берген укукту сурап жатам;
Гренландия — чындыгында Түндүк Америкага кирген ири, корголбогон арал;
Экинчи дүйнөлүк согушта аралды АКШ сактап калган, Дания Германияга болгону алты сааттык салгылаштан соң багынып берген;
Гренландия менен Даниянын элин сыйлайм, бирок аралды бир гана АКШ коргой алат. Эгерде арал азыркысындай абалда турса, кокус согуш башталып кетсе, анда ракеталар Гренландиянын үстүнөн учат.
"Арал бизге керек". Трамп Гренландия тууралуу кайрадан үн катты