Айдоочулукка окуунун мөөнөтү. Бекешев танк айдоону да тезирээк үйрөнүүгө болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуу мөөнөтүнүн узартылышын комментарийлеп жатып, танк айдоону үйрөнүүгө да 10 айга жетпеген убакыт кетерин билдирди.
"Автомектепте 10 ай окуу – бул абдан узак. Ооба, айдоо маданиятын жогорулатуу керек, бирок муну бала бакчадан жана мектептен баштоо зарыл. Балдарга жолдон кантип өтүү керектигин, кандай эрежелер бар экенин түшүндүрүү зарыл. Танк айдоону үйрөнүү мындан аз убакытты талап кылат. Бул маселени кайра карап чыгууну суранам", — деди Бекешев.
Мындан тышкары, ал февраль айында күчүнө кириши керек болгон таксилерди милдеттүү лицензиялоо боюнча норманы киргизүүнү алты айга жылдырууну өтүндү.
Жапаров айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн жапырт алмаштырылып жатканын түшүндүрдү