Чүйдө өспүрүм кызды уурдап, муунткан деп эки аял менен эркек кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Чүйдө өспүрүм кызды уурдап, ур-токмокко алып, муунтууга аракет кылган деп аял менен эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
1 / 2

Шектүүлөр кызды Токмоктогу "Атаке" дүкөнүнүн жанынан автоуунага уурдап кетишкен

2 / 2

Кармалгандар кызды ар кайсы жерлерге алып барып, ур-токмокко алып, денесин кескилеп, муунтууга аракет кылышкан

Маалыматка караганда, 18-январда Токмок шаардык ИИБге 40 жаштагы аял кайрылган. Ал 17-январь күнү кечки саат 21:00 чамасында Токмок шаарындагы "Атаке" дүкөнүнүн жанынан анын жашы жете элек кызын белгисиз адамдар машинага күч менен отургузуп уурдап кеткенин билдирген.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, шектүүлөр кызды ар кайсы жерлерге алып барып, ур-токмокко алып, денесин кескилеп, муунтууга аракет кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну Чүй айылындагы мейманкананын жанына таштап кетишкен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 33 жаштагы А.Э. менен 32 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
Айсулууну өлтүрүүгө шектүү киши мурда эмне үчүн соттолгону айтылды