Мэрия Шералиев көчөсүн узартуу үчүн үйлөрдүн бузулушу тууралуу кептерге жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы Шералиев көчөсүн узартуу үчүн 100 үй бузулары тууралуу сөздөргө комментарий берди.
Турак жайлар түрттүрүлүшү мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирип чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, ага жергиликтүү тургундар кайрылышкан.
"Жаңы башкы планда Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин Термечиков көчөсүнө кошуу менен жол ачуу каралган. Бул долбоордун алкагында 100 үй сүрдүрүлөт. Жергиликтүү тургундар үйлөрүн бузбай, көчөлөрдү кеңейтүүнүн башка варианттарын карап чыгууну суранышууда", — деди Садырбаева.
Мэрия мындай демилге мурдагы башкы пландарда да болгонун, бирок ал азырынча ишке ашырылбай турганын белгиледи.
"Учурда бул долбоорду ишке ашыруу планы жок. Дүрбөлөңгө алдырбоого жана расмий маалыматка таянууга чакырабыз", — деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.
Бишкек мэри чыгыш айланма жолунун курулушун баштап берди