БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда алкоголдук продукцияны түнкү саат 23:00дөн таңкы 8:00гө чейин сатууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечи депутат Марлен Маматалиев алкоголду ашыкча колдонуу улуттун ден соолугуна түздөн-түз таасир эткен негизги социалдык жана медициналык көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, түнкү убакта ичимдикти кафе, ресторан, барларда жана атайын лицензиясы бар соода түйүндөрүндө гана сатууга уруксат берилет. Ошол эле учурда калктуу конуштардын борбордук аянттарында, парктарда, бакчаларда, скверлерде, эс алуу жана көңүл ачуучу комплекстердин аймагында, алардын чек араларынан 100 метр радиуста алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынат.
Демилгенин максаты — кылмыштуулуктун жана зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү, алкоголдук көз карандылыкты кыскартуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу.
"Эл аралык практикада мындай чектөөлөр ийгиликтүү колдонулуп келет. Маселен, Россиядагы аймактардын көпчүлүгүндө жана Казакстанда алкоголдук ичимдиктерди түнкү саат 23:00дөн таңкы 8:00гө чейин сатууга тыюу салынган", — деп айтылат негиздеме-маалым катта.