БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -3…+2, Таласта -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл жергесинде 0…5, Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…2, Ош шаарында 1…3 градусту көрсөтөт.