Кыргызда кошокту эки учурда айтышкан. Биринчиси кишини аркы дүйнөгө узатуу зыйнатында, экинчиси кызды турмушка узатууда. Соңку учурларда кошоктун жашоодон сырт калганы менен анын тарыхы терең. Кошок качан пайда болгон? Кошоктун аталышы эмнени туюндурат? Кыргыздан башка кайсы элде кошок айтылат? Булардын барын жылдар бою изилдеп, илимий эгек жараткан окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты, Жалал-Абад эл аралык университетинин доценти Венера Анарбекова менен баарлаштык.