Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, өкмөткө учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө, тармакты мындан ары өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттин башчысы аталган тармак мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеген. Иш-чарага өлкөнүн тигүү тармагынын, маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.Жолугушууда тармакты өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелери айтылып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилип, талкуу жүргөн. “Талкуунун жыйынтыгында президент министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге, ошондой эле тиешелүү министрлерге жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди”, – деп жазылат маалыматта. Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда буга чейин экономиканын маанилүү тиреги болуп келген жеңил өнөр жай тармагы бир топ кыйынчылыктарга туш болууда. Айрыкча тигүүчүлөр үчүн негизги базар болуп эсептелген Россияга экспорт жүргүзүү маселеси курч бойдон калууда. Акыркы мезгилде продукцияны мыйзамдуу жол менен Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык алып чыгуу зарылдыгы ишкерлер үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратты.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жасаган 15 кишиге алгачкы ирет электрондук билерик тагылды. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов социалдык баракчасына жазды.Министр долбоор Октябрь районунда сыналып жатканын, анын алкагында зомбулук көрсөткөндөргө 20 күндөн үч айга чейин электрондук билерик же мобилдик тиркеме тагыларын белгиледи. Тутум GPS аркылуу байкоону жана Face ID менен үзгүлтүксүз текшерүүнү камтыйт. Ал соттун чечими менен тагылат. Аяз Баетов кийинки жумадан тарта долбоор өлкө боюнча жайылтыларын кошумчалады.
Бишкек мэриясы Шералиев көчөсүн узартуу үчүн 100 үй бузулары тууралуу сөздөргө комментарий берди. Турак жайлар түрттүрүлүшү мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирип чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, ага жергиликтүү тургундар кайрылышкан. "Жаңы башкы планда Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин Термечиков көчөсүнө кошуу менен жол ачуу каралган. Бул долбоордун алкагында 100 үй сүрдүрүлөт. Жергиликтүү тургундар үйлөрүн бузбай, көчөлөрдү кеңейтүүнүн башка варианттарын карап чыгууну суранышууда", — деди Садырбаева. Мэрия мындай демилге мурдагы башкы пландарда да болгонун, бирок ал азырынча ишке ашырылбай турганын белгиледи.