Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Кыргызстанда алкоголдук продукцияны түнкү саат 23:00дөн таңкы 8:00гө чейин сатууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечи депутат Марлен Маматалиев алкоголду ашыкча колдонуу улуттун ден соолугуна түздөн-түз таасир эткен негизги социалдык жана медициналык көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи. Мыйзам долбооруна ылайык, түнкү убакта ичимдикти кафе, ресторан, барларда жана атайын лицензиясы бар соода түйүндөрүндө гана сатууга уруксат берилет. Ошол эле учурда калктуу конуштардын борбордук аянттарында, парктарда, бакчаларда, скверлерде, эс алуу жана көңүл ачуучу комплекстердин аймагында, алардын чек араларынан 100 метр радиуста алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салынат. Демилгенин максаты — кылмыштуулуктун жана зомбулуктун деңгээлин төмөндөтүү, алкоголдук көз карандылыкты кыскартуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу. Эл аралык практикада мындай чектөөлөр ийгиликтүү колдонулуп келет. Маселен, Россиядагы аймактардын көпчүлүгүндө жана Казакстанда алкоголдук ичимдиктерди түнкү саат 23:00дөн таңкы 8:00гө чейин сатууга тыюу салынганы кошумчаланды.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Бакай Акбаралиев "Узчармсаноат" ассоциациясы менен кызматташтык маселелерин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кабарлангандай, жолугушууда Кыргызстандан Өзбекстанга тери экспорттоо жана бул тармактагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. "Узчармсаноат" кыргыз терисин сатып алууга жана биргелешкен ишканаларды ачууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын жүн иштетүүдөгү тажрыйбасына жогору баа берилди. Жыйынтыгында тери экспорттоо жана жүн иштетүүнү талкуулоо үчүн видеоконференция өткөрүү макулдашылды. Белгилей кетсек, "Узчармсаноат" ассоциациясы – Өзбекстандын тери-бут кийим, галантерея, мех жана жүн өнөр жайы ишканаларынын тармактык бирикмеси. Ассоциациянын негизги ишмердүүлүгү өндүрүштү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана тармактын ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен Давостогу форумда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу темасы дээрлик көтөрүлбөй жатканын билдирди. Бул тууралуу Iltalehti фин гезити жазды. Финляндиянын ТИМ башчысы муну башка эл аралык маселелерге, анын ичинде АКШнын Гренландияга болгон дооматтарына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы менен байланыштырды. Ал күн тартиби өзгөрүп кетиши толук мүмкүн экенин белгиледи. "Бул — тобокелдик эмес, реалдуулук. Ачык айтсам, кыжырды келтирет. Мен Давоско Украина маселесин жана негизинен Европа үчүн тынчтыкты кантип калыбына келтирсе болорун талкуулоо үчүн келгем", — деди министр. Валтонен белгилегендей, Гренландия боюнча кырдаал Украинадагы абалды жөнгө салуу маселесин экинчи планга жылдырды, анткени НАТО мүчөлөрүнүн арасында пикир келишпестик күчөдү. Дүйнөлүк экономикалык форум Швейцариянын Давос шаарында 19-январда башталган, жыйын 23-январга чейин созулат.