Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда

Sputnik
Өлкөдөгү уран калдыктарынан арылтуу маселеси экологиялык коопсуздукту камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ. Өлкө аймагында совет мезгилинен калган уран калдыктары сакталган бир катар объекттер бар. Бул жайлар сел, жер көчкү жана жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктарга алсыз болуп, айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн.
Акыркы жылдары мамлекет бул багытта активдүү иштерди жүргүзүп, уран калдыктарын коопсуз абалга келтирүү, рекультивациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды күчөтүүдө.Россия менен эки тараптуу келишимдин негизинде да уран калдыктары тазаланууда. Аталган иштерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар тартылып, эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Бүгүнкү маекте биз уран калдыктарын тазалоо иштеринин учурдагы абалы, коркунуч деңгээли, көрүлүп жаткан алдын алуу чаралары жана келечектеги пландар тууралуу сөз кылабыз. Ошондой эле бул багыттагы иштер калктын коопсуздугуна кандай таасир берип жатканы жана туруктуу экологиялык коопсуздукка жетүү үчүн дагы кандай кадамдар зарыл экени талкууланат.