Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?

Sputnik
Ушул жылдын январь айынан тартып кафе жана ресторандарда тейлөө үчүн өзүнчө акы алууга мыйзам менен тыюу салынды. Бул чечим кардарлардын укуктарын коргоо жана баанын ачыктыгын камсыз кылуу максатын көздөйт. Бирок тейлөө акысы жоюлгандан кийин айрым тамактануу жайларында баалардын кескин жогорулаганы байкалды. Баалардын өсүшүнө азык-түлүктүн кымбатташы, ижара акысы, коммуналдык кызматтар жана эмгек акы сыяктуу чыгымдар себеп болгонун айтышууда.
Тамак-аштын кымбаттап кеткенине карата Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кандай иш алып барып жатат? Рейд жүргүзүлүп жатабы? Тейлөө акысын тамакка кошуп бааны жогорулатуу мыйзамга каршы келеби? Бааныжогорулатууга кандай чектөө бар? Мисалы, пайызы боюнча эрежелер каралганбы?
Бул суроолорду Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаевге узатып, жооп ала алдык.