Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жогорку окуу жайларында иштеген адистердин айлыгы министрдикинен төмөн болбошу керектигин айтты. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине барганда айтканын парламенттен билдиришти. Спикер жакынкы аралыкта мектеп мугалимдеринин айлык маянасы жогорулай турганын, ошол эле маалда жогорку окуу жайларында иштеген адистер алардан кем айлык албашы керектигин кошумчалады. "Педагогдордун айлык маянасы министрдикинен төмөн болбошу керек. Бул маселе боюнча илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри тиешелүү сунуштарды киргизиши зарыл", — деди төрага. Тургунбек уулу университеттин кыргыз филологиясы факультетинин 20 студентине 20 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөп берүүнү, мамлекеттик тилди окутуунун жаңы усулун иштеп чыккан эки окутуучуга 200 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү убада кылды.
Балыкчы шаарындагы биологиялык калдыктарды жок кылуучу жайда биометрикалык чуңкур жана крематорий курулду. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биометрикалык чуңкурдун тереңдиги 10 метрди түзүп, ички пайдубалына 40 сантиметр калыңдыкта бетон куюлган. "Бул объект — эл аралык жана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген республикадагы алгачкы толук кандуу жай. Мындан тышкары, объект тосулуп, биологиялык калдыктарды көзөмөлдөө үчүн атайын лаборатория да салынган", — деп жазылат маалыматта. Жаңы объект шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга, ар кандай инфекциялык ооруларды алдын алууга жана санитардык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылууга шарт түзөт.
20-январдагы биржа соодасында күмүш алтындын артынан тарыхый рекордду жаңылады. Бул тууралуу Нью-Йорк товардык биржасы маалымдады.Москва убактысы боюнча саат 12:10го карата күмүштүн баасы тарыхта биринчи жолу трой унциясы үчүн 95 доллардан ашып, 95 бүтүн ондон эки долларды түздү. Бул мурунку соода сессиясына салыштырмалуу жети бүтүн жүздөн элүү эки пайызга өскөнүн билдирет. Соода маалында күмүштүн баасы эң жогорку көрсөткүч катары унциясына 95 бүтүн ондон төрт долларга чейин жетти.Ошол эле учурда алтын да кымбаттап, өзүнүн тарыхый максимумун жаңылады. Соода жүрүшүндө алтындын баасы алгач ирет 4 720 доллардан ашып, эң жогорку чегинде 4 723 долларды көрсөттү. Адистер асыл металлдардын мындай рекорддук өсүшүн дүйнөдөгү геосаясий чыңалуунун күчөшү менен байланыштырышууда.
АКШ президенти Дональд Трамп зарылдык жаралган учурда НАТОнун АКШга кол суна аларынан күмөн санайт. Бул тууралуу ал Ак үйдө өткөн брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз жардамга келебиз, ал эми алардын колдоо көрсөтө аларынан шегим бар", — деген Трамп. Өлкө башчынын айтымында, азыркы лидерлердин бири да, көзү өтүп кеткен жетекчилер да НАТО үчүн Трампчалык иш жасаган эмес. Президент АКШнын уюмдан чыгары тууралуу суроодон кыйгап, НАТО жакшы альянс болгонун, бирок айрым учурда Трамп макул боло албаган кадамдарга да барганын белгилеген. АКШ жетекчиси өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн Гренландияны алышы керектигин дагы бир ирет айтып, Вашингтон да, НАТО да ыраазы боло тургандай "бир нерсе ойлоп табууну" убадалады. Муну менен бирге Трамп АКШнын чыныгы душманы — Россия менен Кытай эмес, БУУ менен НАТО экени айтылган макала менен бөлүшүп койгон.