Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу

Sputnik
Кыргызстанда Ысык-Көлдү жана өлкөнүн башка көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан, ошондой эле таштандылардан — желим баштык, бөтөлкө жана катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын улук инспектору Уланбек Мелисов маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, мыйзамсыз коюлган балык торлору көлдөрдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, балык корунун азайышына жана табигый тең салмактуулуктун бузулушуна алып келет. Ошондуктан инспекция кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, аныкталган торлор алынып, жок кылынууда.
Мындан тышкары, көлдөрдүн желим таштандылар менен булганышы да олуттуу көйгөй бойдон калууда.