Улуттук банк жаңы жылдын эсебинен биринчи интервенциясын жүргүздү

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Улуттук банк жаңырган жылдын эсебинен алгачкы интервенциясын жасап, кечээ 134 миллион доллар сатты.
Каржы мекемеси былтыр сегиз жолу валюта рыногуна чыгып, жалпы 853 миллион долларды жүгүртүүгө чыгарган. Рекорддук көрсөткүч декабрь айында катталган, анда башкы банк 179,5 миллион доллар саткан болчу.
Мындай кадам менен Улуттук банк чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт.
Минкаб чакан жана орто бизнес ээлерине 6%дык насыя берет