Трамп Макрон жана НАТОнун жетекчиси менен жазышкан катын жарыялады

Франциянын лидери америкалык кесиптешинин кээ бир кадамдарына түшүнбөй жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына Франциянын башчысы Эммануэль Макрон жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен эмне деп жазышканын жарыялады.
Франциянын лидери америкалык кесиптешинин Гренландия боюнча жасаган кадамдарына түшүнбөй жатканын белгилеген. Муну менен катар эле Сирия боюнча позициясына макулдугун билдирип жана Иранда "улуу иштерди жасамактыгын" айткан. Андан сырткары, Россия жана Украина катышкан жолугушуу өткөрүүнү сунуштаган.
"Парижде бейшемби күнү G7 жолугушуусун уюштура алам. Украиналыктарды, сириялыктарды, даниялыктарды жана россиялыктарды келип катышууга чакырам", — деп жазган Макрон.
Ал эми Рютте Трампка Гренландиянын айланасындагы маселелерди чечүү ыкмасын табууга убада кылган.
НАТОнун башкы катчысы Давос форумунда журналисттер менен сүйлөшүү учурунда Трамптын Сирия, Газа жана Украина маселеси боюнча жетишкен ийгиликтерин сөзсүз эске салып, белгилей кетерин кошумчалаган.
WSJ: Европа Трамп НАТОнун жоюлушун жарыялап жибериши мүмкүн деп кооптонууда