"Арал бизге керек". Трамп Гренландия тууралуу кайрадан үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Гренландия боюнча АКШнын план, пикирине Евробиримдик катуу деле каршы болбойт, анын үстүнө аталган аймак Кошмо Штаттардын улуттук жана глобалдык коопсуздугу үчүн биринчи орундагы маселе. Мындай пикирин Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп билдирди.
"Баарыңарга мурда эле түшүндүрүп айткан элем. Гренландия улуттук жана глобалдык коопсуздугубуз үчүн эң башкы, өтө маанилүү аймак. Артка жол жок, бул боюнча бардыгы эле макул болууда", — деп жазды ал социалдык тармакка.
Аралдын маселеси көтөрүлгөндөн бери ЖМКлар, эксперттер ЕБдин позициясын ар кыл өңүттөн карап, талдап келе жатышат. Ал эми Трамп аймактагылар каршы чыкпайт деген пикиринен тая элек.
"Алар (Европа лидерлери — ред.) катуу каршылык көрсөтпөйт деп ойлойм. Карасаңар, арал (Гренландия — ред.) бизге керек", — деген бул сапар да АКШ президенти.
Трамп Гренландия маселесин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен талкуулагандыгын айтып, бирок кайсы учурларды сүйлөшкөнүн жазган жок. Ал Америка дүйнөнүн бардык жеринде тынчтыкка кепил бере алчу мамлекет деп да жиберген.
"Биз дүйнөнү кайсы гана жери болбосун, тынчтыктын болушуна кепил берген жападан жалгыз мамлекетпиз", — деп жазган АКШ лидери.
Трамп көзүн арта баштаган Гренландия учурда Дания бийлигинин курамында турат. 1953-жылга чейин аймактык макамы башка эле, тагыраагы, Даниянын колониясында болчу. 2009-жылы толук автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү жүргүзүп келет.
Дания ТИМи: АКШнын Гренландияга кириши менен НАТОнун мааниси жоголот