Кыргызстанда бардык нерсе кымбаттады. Статком өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда былтыр бардык нерсенин баасы көтөрүлгөн. Улуттук статистика комитети жыл жыйынтыгын чыгарды.
Ага ылайык, баа төмөнкүдөй жогорулаган:
азык-түлүк жана суусундук — 9,9 пайыз;
алкоголдук суусундук жана тамеки — 8 пайыз;
азык-түлүккө кирбеген товарлар — 7,8 пайыз;
кызмат көрсөтүү — 11,2 пайыз.
Эң көп кымбаттаган азыктар:
жемиштер — 42,6 пайыз;
балык — 25,1 пайыз;
өсүмдүк майы — 18,4 пайыз;
картошка — 17,4 пайыз;
эт — 14,6 пайыз.
Жыл ичинде жумуртка (3,6%) менен күрүч (3,2%) гана бир аз арзандаган.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөдү