БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. РФ ТИМ башчысы АКШ президенти түптөгөн Тынчтык кеңеши туурасында суроого жооп бергенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Тынчтык кеңешинин уставы" деп аталган кызыктай документ алдык. Анда аталган түзүм Газанын эле көйгөйү эмес, дүйнөдөгү башка жаңжалдарды басып, алардын маселесин чечүү боюнча иш алып бара турганы айтылган. Америка тарап менен байланышып, чоо-жайын сураштырып жатабыз. Бирок күзүндө биз Кытай менен бирге Палестина жана Кытай боюнча жаңы органды түзүүгө тоскоол болгон эмеспиз. БУУнун Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн демилгени ишке ашырууга бут тоспой, мүмкүнчүлүк бергенбиз", — деди Лавров.
ТИМ башчысы Трамптын Тынчтык кеңешине болжол менен 50гө чукул мамлекетти чакырганы, ал түгүл Вашингтондо да чыр-чатактарды жалгыз чечүү мүмкүн эместигин түшүнүп турганын көрсөтөрүн кошумчалаган.
Эске салсак, мурдараак РФ лидери Владимир Путин аталган кеңешке кошулууга чакыруу алган.
Трамп Тынчтык кеңешинин түзүлүшү боюнча өткөн аптада айткан. Анын курамына АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, атайын чабарманы Стив Уиткофф, күйөө баласы Жаред Кушнер жана башкалар кирген.
Уюмга кирүү сунушун Канаданын премьер-министри Марк Карни жана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан кабыл алган. Мындан тышкары, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев чакырылып, анын макул болгону айтылган.