Былтыр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу 3,9 млрд. долларлык инвестиция тартылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу 3,9 миллиард доллар инвестиция тартылып, 14 долбоорго кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Абду-Салам Тайиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, борбордун портфелине 90дон ашык долбоор кирип, жалпы инвестициянын көлөмү 6 миллиард долларды түзөт.
"2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу 3,9 миллиард доллар инвестиция тартылып, 14 долбоорго кол коюлду. Акырындык менен бул механизм жайылып, ири долбоорлор ишке ашып жатат. МЖӨ механизми боюнча өлкөдө бала бакчалар, медициналык мекемелер, таштандыны кайра иштетүүчү заводдор, региондордо IT-борборлор жана соода-логистикалык комплекстер сыяктуу маанилүү объектилер курулууда. Өткөн жылы көбүнчө социалдык, транспорттук жана инфраструктуралык долбоорлорго басым жасалды. 2025-жылы МЖӨ жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, инвесторлорго бир топ жеңилдиктер каралды", — деди Тайиров.
Ошондой эле ал МЖӨ борборунун эксперттеринин квалификациясын жогорулатууга байланыштуу иштерге басым жасаларын кошумчалады.
Төө-Ашуудагы жаңы тоннель 640 млн. долларга курулат. Сүрөт