БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Молдованын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги боюнча макулдашууну денонсациялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ТИМ башчысы Михай Попшай билдиргенин РИА Новости жазды.
"Негизги деп эсептелген үч макулдашуунун денонсацияланышы менен Молдова Республикасы КМШдан чыгат. Процесс башталды. Биз бул чечимди кечээ жакында эле кабыл алдык", — деген министр Radio Moldova эфиринде.
Анын айтымында, денонсация боюнча документтерди февралдын ортосунда парламент карайт. Андан кийин чечимди президент Майя Санду бекитет.
Молдова 2022-жылдан бери КМШ жыйындарына катышпайт, мындан тышкары, байкоочу макамына ээ болгон ЕАЭБдин иш-чараларынан да баш тарткан. Өлкө бийлиги Батыш рыногуна бет алууда. Санду республика "европалык стандарттарга ылайык евроинтеграцияга багыт алган" эл аралык укуктук базага таянарын белгилеген. Өткөн жылдын соңуна карата өлкө КМШ алкагында кол коюлган 255 документтин 67син аткарган эмес.
Оппозиция мамлекеттин мындай курсун эмгек мигранттары жана экономикалык байланыштарга залакасы тие турган көрүнүш экенин айтып келет. Өз кезегинде Молдованын экс-президенти Игорь Додон азыркы жетекчиликтин саясаты улуттук кызыкчылык менен калктын басымдуу бөлүгүнүн ниет-каалоосуна каршы келерин билдирген.