БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Молдованын бийлиги карманып жаткан багыт аны кыйратуучу мүнөзгө ээ. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
"Молдованын Европа биримдигине жакындашуу саясатын мен "сиңип кетүү" деп мүнөздөмөкмүн. Анткени Европа биримдигине мүчө болуунун эң кыска жолу Румыния менен кайра биригүү же ага кошулуу экенин айткан пикирлер улам күчөп барат. Мындай багыт, албетте, Молдованын мамлекеттүүлүгүн кыйратат. Бирок Европа биримдиги буга кызыкдар сыяктуу таасир калтырууда", — деди Лавров.
Ал ошондой эле Армения боюнча дагы кеп козгоп, бул өлкө ЕАЭБге мүчө болуп туруп башка уюмдарга кире албай турганын белгиледи.
"Европа биримдигине мүчө болууга багытталган кадамдар, албетте, ЕАЭБдеги мүчөлүктү сактоо менен бир убакта айкалыша албайт. Эгер Армения тиешелүү чечим кабыл алса жана премьер-министр Никол Пашинян айткандай, армян элинин эркине ылайык ишке ашырылса — бул Армениянын жана армян элинин укугу", — деди министр.
Эске салсак, буга чейин Молдованын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги боюнча макулдашууну денонсациялоо иштерин баштаганы кабарланган. Молдова 2022-жылдан бери КМШ жыйындарына катышпайт, мындан тышкары, байкоочу макамына ээ болгон ЕАЭБдин иш-чараларынан да баш тарткан. Өлкө бийлиги Батыш рыногуна бет алууда. Санду республика "европалык стандарттарга ылайык евроинтеграцияга багыт алган" эл аралык укуктук базага таянарын белгилеген.
Ал эми Армениянын премьер-министри Никол Пашинян дагы өлкө Европа биримдигинин толук кандуу мүчөсү болгусу келерин айтып келет. Аталган мамлекеттин президенти Ваагн Хачатурян 2025-жылдын апрель айында (мурда парламент кабыл алган) республиканын Европа биримдигине кирүү ниети тууралуу мыйзамды ратификациялаган. Мындай иштер ЕБ Арменияга уюмга мүчө болууну сунуштабаса дагы жасалып келет.