БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары — Украина жаңжалынын чыгышын шарттаган себептерди жоюуга даяр турган бирден-бир мамлекет. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров журналисттер үчүн жылды жыйынтыктап өткөргөн маалымат жыйында айтты.
"Дүйнө азыр кызыл чеке болуп талкуулап жаткан Дональд Трамптын администрациясы прагматиктерден турат. Арбын мамлекеттердин башын өзүнүн жетекчилигинин алдына бириктирүү эле зарылдыгын сезбестен, алардын мыйзамдык кызыкчылыктарын да эске алат", — деди Лавров.
Ал АКШ президенти Дональд Трамптын Россия лидери Владимир Путинди Газа боюнча Тынчтык кеңешине кошулууга чакыруу жибергенин эске салды.
РФ ТИМинин башчысы Европа мамлекеттери Украина боюнча Трамптын пикирин өзгөртүүгө аракет кылып, европалыктар Россия менен согушууга даярданып жатканын айтты.
"Батыштагы, ири алдыда европалык коңшулар бул келишимдин болбой калышы үчүн колдон келгендин бардыгын жасады. Трамптын администрациясы сунуштаган демилгелерге да ошондой мамиле кылып, аларды Россия Федерациясы менен кепке келүүгө болбойт деп ынандырууга аракеттеништи. Эгер европалык саясатчылардын, жетекчилердин, ал тургай Кая Калластын, Урсула фон дер Ляйен, Мерц, Стармер, Макрон, Рюттенин билдирүүлөрүн окуп, баам салсаңар, алар Россия менен согушууга кадимкидей эле олуттуу даярданып жатканын байкайсыңар", — деди РФ ТИМинин башчысы.