Лавров Евразия боюнча жалпы континенттик диалогду жолго коюуну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Евразияда жалпы континенттик диалогду жолго коюу зарыл жана ал тең укукта жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ведомствонун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, атайын бюрократиялык түзүмдөрдү түзүүнүн зарылдыгы жок.
"Алгачкы кадам катары Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөр бири-бири менен жалпы диалог жүргүзүп, өздөрүнүн геосаясий жана геоэкономикалык артыкчылыктарын пайдаланууга тийиш. Мындай диалог бардык мамлекеттердин тең укуктуу катышуусуна негизделиши керек", — деди Лавров.
Ал Европа биримдиги евразиялык интеграция процесстерине эч качан ачык баа бербегенин, ошол эле учурда аларды кыйратууга аракет кылганын белгиледи. Айтымында, ЕАЭБ түзүлө электе эле европалыктар "Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюму" бар экенине карабастан, Кара деңизде өз стратегиясын алдыга чыгарган.
"Ошол кезде бизде алар менен байланыш бар болчу. Биз "Географиялык жактан Кара деңиз жээгиндеги өлкөлөрдү бириктирген уюм турса, силер бул деңизди толук камтыбасаңар да өзүңөрдүн концепцияңарды алдыга сүрөп жатканыңар үчүн уялган жоксуңарбы?"деп сураганбыз. Уялышкан жок", — деди Лавров.
Евразия экономикалык биримдиги 2014-2015-жылдары түзүлгөн. Ага Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Ал эми Молдова, Өзбекстан, Куба жана Иран ЕАЭБге байкоочу макамында катышат.
Лавров: Батыш адатынча АКШнын позициясын өзгөртүүгө аракет кылып жатат