"Антыңар — тагдыр". Касымалиев Коргоо министрлигине 81 автотехника тапшырды

Өкмөт башчы мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакын арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир бериле турганы айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалып, Куралдуу күчтөрдүн бюджети 2018-2019-жылдарга салыштырмалуу 300 пайыздан ашты. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине автоунаа жана тиешелүү техникаларды тапшырып жатканда айтты.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалив Коргоо министрлигине автотехника тапшырды

2 / 3

Берилген техниканын ичинде 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу автоунаасы, 19 JAC T-6 автокөлүгү, 18 "Газель" фургону, беш экипаж автобусу жана үч JAC Sunray кичи автобустары бар

3 / 3

Өкмөт башчы бөлүнгөн каражат материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Өкмөт башчы каражат биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрдүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
Бүгүн аталган ведомство 81 автотехникалуу болду. Алар: 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу автоунаасы, 19 JAC T-6 автокөлүгү, 18 "Газель" фургону, беш экипаж автобусу жана үч JAC Sunray кичи автобустары.
"Биздин жоокерлер Мекендин алдындагы жоопкерчилигин терең сезген аскерлер экенине ынанабыз. Берген антыңыздар — жөн эле сөз эмес, тагдыр. Буйрук — милдет эмес, сыймык. Кызмат — кесип эмес, өмүр бою жоопкерчилик", — деген Касымалиев.
Ал аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо чараларына токтолуп, кайсы аймакта кызмат кылбасын, тандаган жерден ипотекалык турак жай алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларына жакын арада бүтчү үйлөрдөн 900дөн ашык батир бериле турганы кошумчаланды.
Министрлик альтернативалык кызмат өтөөнүн акчасын көтөрүүнү сунуштады