Чүйдө күйүп кеткен автоунаадан эки адамдын сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүйдүн Москва районундагы Спартак айылында 20-январь күнү эртең менен көлдүн жанындагы бош талаадан күйүп кеткен Volkswagen Golf-3 автоунаасы табылды. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу унаанын ичинен эки адамдын сөөгүн тапкан. Алдыңкы орундукта 26 жаштагы О.Э. аттуу Спартак айылынын тургуну, ал эми арткы орундукта 10-класстын Т.С. аттуу окуучусу болгон.
Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу автоунааны 11-январда сатып алып, 13-январда С.С. аттуу электрикке кайрылган.
“Адис унаанын техникалык абалы өтө начар экенин, электр зымдары ачык болуп, салондон бензиндин жыты чыгып жатканын, унааны колдонуу кооптуу экенин эскерткен экен”, — деп айтылат маалыматта.
Маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.
Алай: 16 жаштагы өспүрүм айдап бараткан машина сайга кулап, бир бала көз жумду