БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Шаршембиде республиканын көпчүлүк аймактарында туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта -3…+2, Чүй облусунда 0…-5, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…5, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 0…-2, Ош шаарында 2…4 градусту түзөт.