Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Улуттук банк жаңырган жылдын эсебинен алгачкы интервенциясын жасап, кечээ 134 миллион доллар сатты. Каржы мекемеси былтыр сегиз жолу валюта рыногуна чыгып, жалпы 853 миллион долларды жүгүртүүгө чыгарган. Рекорддук көрсөткүч декабрь айында катталган, анда башкы банк 179,5 миллион доллар саткан болчу.Мындай кадам менен Улуттук банк чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт.
Экономика жана коммерция министрлиги "адал индустрия жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын камсыздоо максатында жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ведомствонун маалыматына караганда, бул демилге адал стандарттарынын ченемдерин бузган же адал белгисин мыйзамсыз колдонгон тараптарга карата конкреттүү жоопкерчиликти белгилөөнү көздөйт. Мындай чаралар керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана өлкөдөгү адал индустриясынын сапатын көтөрүүгө багытталган. Ошол эле учурда адал-сертификаттоо тутумун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде сертификаттарды берүүнү санариптештирүү, өндүрүштү жана продукцияны маркировкалоону контролдоонун ачык жана натыйжалуу жол-жоболорун киргизүү каралууда.
Евразияда жалпы континенттик диалогду жолго коюу зарыл жана ал тең укукта жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ведомствонун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, атайын бюрократиялык түзүмдөрдү түзүүнүн зарылдыгы жок."Алгачкы кадам катары Евразия мейкиндигиндеги өлкөлөр бири-бири менен жалпы диалог жүргүзүп, өздөрүнүн геосаясий жана геоэкономикалык артыкчылыктарын пайдаланууга тийиш. Мындай диалог бардык мамлекеттердин тең укуктуу катышуусуна негизделиши керек", — деди Лавров.Ал Европа биримдиги евразиялык интеграция процесстерине эч качан ачык баа бербегенин, ошол эле учурда аларды кыйратууга аракет кылганын белгиледи. Айтымында, ЕАЭБ түзүлө электе эле европалыктар "Кара деңиз экономикалык кызматташтык уюму" бар экенине карабастан, Кара деңизде өз стратегиясын алдыга чыгарган.Евразия экономикалык биримдиги 2014-2015-жылдары түзүлгөн. Ага Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Ал эми Молдова, Өзбекстан, Куба жана Иран ЕАЭБге байкоочу макамында катышат.
2025-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу 3,9 миллиард доллар инвестиция тартылып, 14 долбоорго кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Абду-Салам Тайиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, борбордун портфелине 90дон ашык долбоор кирип, жалпы инвестициянын көлөмү 6 миллиард долларды түзөт.Ошондой эле ал МЖӨ борборунун эксперттеринин квалификациясын жогорулатууга байланыштуу иштерге басым жасаларын кошумчалады.