Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?

Sputnik
Азыркы жаштар заман талабына ылайык жашоосун куруп жатышат. Адистердин айтымында, көпчүлүк жаштар билим алууга умтулушат. Алар интернет жана социалдык тармактар аркылуу маалымат алып, дүйнө менен тыгыз байланышта болууда. Ошондой эле спортко, чыгармачылыкка жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө кызыккандар да көп. Айрым жаштар иштеп, ата-энесине, үй-бүлөсүнө жардам берип же өз алдынча бизнес баштоого аракет кылышат. Заманбап технологиялар жаштардын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланган.
Жалпысынан алганда, азыркы жаштар активдүү, максаттуу жана келечекке умтулган муун болуп саналат. Бирок ошол эле учурда улуттук баалуулуктар сакталуудабы? Аймактардагы жаштар эмне менен алек? Жообун кененирээк “Көзмончок” программасынан тыңдаңыздар.