2025-жыл Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору үчүн жигердүү иштин жана ири инвестициялык демилгелердин жылы болду. Борбордун портфели 90дон ашык долбоорго жетип, алардын жалпы көлөмү 434 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасына олуттуу түрткү берди. Жыл ичинде социалдык, транспорттук жана инфраструктуралык багыттарда 10дон ашык жаңы келишимге кол коюлуп, 3 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартылды. МЖӨ механизми аркылуу региондордо маанилүү объекттер ишке кирип, мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусу жаңы деңгээлге көтөрүлдү.