Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Коргоо министрлигине 81 унаанын ачкычын тапшырды. Адылбек Касымалиев президенттин жана министрлер кабинетинин атынан Коргоо министрлигин мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынган жаңы техникалардын алынышы менен куттуктады. Адылбек Касымалиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү акыркы жылдары кыйла чыңдалганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бюджети 2018–2019-жылдарга салыштырмалуу 300%дан ашык өстү. Бул каражаттар биринчи кезекте материалдык-техникалык базаны чыңдоого, армияны заманбап курал-жарак жана техника менен жабдууга, аскер бөлүктөрүнүн, аскер шаарчаларынын, гарнизондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталды. Заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде абадан коргонуу каражаттары жана радиоэлектрондук күрөш системалары сатылып алынган. Минкаб төрагасы Коргоо министрлиги санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганына токтолуп сөзүн улантты. Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди, үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат. Аскердик билеттерди санариптештирүү башталды.
2025-жылы күрөөканаларга болжол менен 1,5 млн сомдой айып салынды. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйөркул Ашимжан уулу билдирди. Ал белгилегендей, бул каражаттар пландык жана пландан тышкары текшерүүнун жыйынтыгында чогултулду. Сүйөркул Ашимжан уулу маалымдагандай, былтыр 35 күрөөкананын лицензиясы токтотулду. Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргызстанда 431 күрөөкана расмий каттоодон өткөн.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайы баштан-аяк оңдоло турганын шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.Анын айтымында реконструкция иштерин муниципалитет жүргүзөт, имараттын сырткы көрүнүшү менен бассейн сакталып калат. Шаар башчысы бул боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи."Спорт сарайын көп функционалдуу жайга айлантабыз. "Жаштык арена" сымал болот", — деди Жунушалиев. Эскерте кетсек, имарат 1974-жылы курулган.
Европанын акылга анча сыя бербеген климаттык максаттарынан жана өзүнө өзү зыян кылган миграциялык саясатынан улам дүйнө лидерлери бул биримдикти олуттуу кабыл албайт. Мындай пикирин Словакия өкмөтүнүн башчысы Роберт Фицо айтканын РИА Новости жазды.Ал Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен телефондон сүйлөшүп, 17-январда Флоридада АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолукканын айтып берген.Премьер АКШ ырааты менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоп, талаптарын коюп келе жатканын, ал арада алыска кете албаган климаттык жана миграциялык саясатынан улам Евробиримдик дүйнөлүк аренада салмагын жогото баштагандыгын белгилеген.Фицо Еврокомиссия менен ЕБге мүчө мамлекеттердин лидерлерине ачык кат жолдой турганын билдирди. Ал эми Мерцке аймактагы мындай кырдаалдан чыга турган вариантты сунуштап, Словакиянын экономикасы Германияныкына караганда эркин экенин баса белгилеген.