Иса Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын директору Назгүл Асанбекова менен маек болуп, окуу жайдын мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн түзгөн шарттары тууралуу маалымат берилди.
Асанбекова белгилегендей, окуу жайда көзү азиз балдар укалоочу адистигине ээ болуп, мамлекеттик диплом ала алышат. Окуу жай ошондой эле студенттерге жакшы шарттарды түзүп, бүтүргөндөн кийин жумушка орношууга жардам көрсөтөт. Мындан тышкары, айрым студенттер Японияга барып окуп тажрыйбага ээ болгон.