Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек

Sputnik
Орто мектептерде балага мугалимдин кол көтөргөнү же болбосо окуучунун мугалимди басынтканы сыяктуу түрдүү көрүнүштөр байма-бай катталчу болду. Мунун себебин гаджеттердин көбөйгөнүнө байланыштырганыбыз менен түбүндө маселе башкада жаткандай. Мугалимдердин педагогдук ыкмасы начар болуудабы? Балдардагы агрессия кайдан келип чыгууда? Мугалим менен окуучунун ортосундагы субординация маселеси кайда калды? Бүгүнкү "Күн башат" программасында көп жылдык тажрыйбасы бар педагог менен талкууладык.