Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-ноябрында 14 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 12,2 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 43,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,5 пайызга көбөйдү. "2025-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,9 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,3 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,1 пайыз) жана Казакстанга (33,5 пайыз) туура келди", - деди ал.
2025-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 9,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 9,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга - 7,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,2 пайызга жогорулады.
Россиядагы мигранттар өлкөгө акча которуунун көлөмү боюнча рекордду жаңылады 2025-жылдын 11 айында өлкөгө дээрлик $3 млрд акча которулган. Аталган сандар мурдагы жылдардагыдан жогору. Буга чейинки рекорд 2022-жылы коюлуп, анда Кыргызстанга $2 млрд 938,5 млн которулган. Акчанын 90%ы Россиядан которулат.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай мамлекетинин калкы 3,39 миллион адамга кыскарып, 1 млрд 404 миллионду түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика бюросуна таянып, РИА Новости кабарлайт. Маалыматка ылайык, Гонконг, Макао, Тайвань аймактарынын тургундары жана чет өлкөлүк жарандар эсепке алынган эмес. Былтыркы жылы төрөлүү көрсөткүчү 5,63 промиллени, өлүм көрсөткүчү 8,04 промиллени түздү. Калктын курамында эркектер 716,85 миллион, аялдар 688,04 миллион адамды түзөт. 16-59 жаштагылар жалпы калктын 60,6 пайызын, ал эми 60 жаштан жогоркулар 23 пайызын түзөт, анын ичинен 65 жаштан жогоркулар 15,9 пайызга барабар. Адистер Кытайда демографиялык олуттуу көйгөйлөр бар экенин, анын ичинде калктын картаюусу жана гендердик тең салмаксыздык күчөп жатканын белгилешет. Буга негизги себептердин бири - 1970-жылдардын аягында киргизилген “бир үй-бүлө - бир бала” саясаты. Аталган саясатка ылайык, шаарларда бир балага, ал эми айыл жерлеринде биринчи бала кыз болсо, эки балага уруксат берилген. Мындан тышкары, өлкөдө никеге турууну каалагандардын саны да азайып кеткен.