Financial Times: ЕБ Трамптын опузасына 93 млрд. евролук жооп болорун айтты

Европа америкалык компанияларды рыногуна киргизбей коюшу да мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Европа биримдиги АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландия маселесинен улам жасаган коркутуп-үркүтүүлөрүнө жооп кылып 93 миллиард евролук бажы салыгын киргизүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Financial Times жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Европа америкалык компаниялардын өзүнүн рыногуна киришин чектеп коюшу да мүмкүн. Бул "акыркы 10 жылда трансатлантикалык мамилелердеги өтө олуттуу кризис" экени айтылууда.
Эске алсак, АКШ президенти Дональд Трамп 10-февралдан тарта Европанын бир катар өлкөлөрү үчүн бажы төлөмдөрүн жогорулатарын жар салды. Өлкө лидеринин айтымында, буга аталган мамлекеттердин Гренландия боюнча позициясы себеп. Кеп аскерлерин аралга жөнөткөн мамлекеттер туурасында жүрүп жатат. Ак үйдүн кожоюну муну "белгисиз максаттагы саякат" деп атаган. Бажы "жазасы" АКШ аралды сатып алганга чейин күчүндө болмокчу.
Гренландия Дания Падышалыгынын курамында. Деген менен Трамп арал АКШнын бир бөлүгү болушу керектигин айтып-деп келет. Дания менен Гренландиянын бийлиги аралды басып алуудан этият болууну эскертип, Вашингтон алардын аймактык бүтүндүгүнө сый-урмат менен мамиле жасайт деп үмүттөнүүдө.
ЖМК: Гренландиянын сатылышы Киев үчүн апаат болот