"Элдин шорун катырышкан". Ташиев күрөөканалардын бирин калтырбай текшерүүнү тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өлкөдөгү бардык күрөөканалардын кандай иш алып барып жатканы, андагы пайыздык чендерди атайын кызмат эми текшерип баштайт. Мындай тапшырманы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев комитеттин штаб-квартирасында өткөн жыйында айтты.
Жакынкы мезгилден тарта күрөөканалардын ишин, алардын пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүгө Салык кызматынын жана Улуттук банктын өкүлдөрү да катышмакчы.
1 / 2

Сүткорлукка айыпталып кармалган С.М. аттуу жаранды анын ишинен жабыркагандар менен жолуктурушту.

2 / 2

Сүткорлукка айыпталып кармалган С.М.

Ташиев ломбарддардын пайыздык чени бардык кошумча төлөмдөрү (комиссия, үстөк, айып ж.б.) менен кошо 30 пайыздан ашпашы керектигин айтты.
"Ушул шарт менен иш алып барам дегендер болсо ишин улантсын, ал эми муну каалабагандар жабыла беришсин. Адамдардын шорун катырып, ашыкча пайызды мойнуна илгендерге эмнеге көз жумушубуз керек", — деди комитет башчысы.
Ал текшерүү учурунда элден 30 пайыздан ашык алып койгон күрөөканалар аныкталса кардарга каражатын кайтарышы керектигин баса белгилеп, бул боюнча өзгөчө тапшырма берди.
Буга чейин сүткорлукка айыпталып кармалган С.М. аттуу жарандын "ишмердүүлүгүнөн" жабыркагандар менен жолугуп, аларга тергөөнүн иши боюнча да маалымат берди.
Шектүү курулуш компанияларына үлүшчү катары жер тилкесин берип, пайда көрүү үчүн ишине тоскоолдук кылып жүргөн. Мунун кесепетинен 89 үлүшчү жабыр тарткан.
УКМК экс-баш салыкчы жана орун басарынын айып пул менен кутулган жазасын түшүндүрдү