Статком бир айда канча сомго жашаса болорун айтты. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үнөмдөгөндө бир адам 8 697 сомго жашай аларын Улуттук статистика комитетинен айтышты.
Аталган ведомство 2025-жылы жашоо минимуму өcкөнүн билдирди. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 9,2 пайызга көп.
Эң жогорку көрсөткүч Бишкекте катталган, тагыраагы, ал 8 984 сомду түзгөн. Ал эми эң төмөнү Ысык-Көлдө (7908 сом) катталган.
Буга чейин өкмөт 2024-жылы киши башына эсептелген ИДП 2 513 долларга жеткенин билдирген (2021-жылга салыштырмалуу 86 пайызга жогору). Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы бул көрсөткүч 2 800 долларга чейин өсөт деп күтүлүп жатканын былтыр декабрда айткан эле.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү болгон каражаттын көрсөткүчү.
Өлкөнүн экономикасы өр алып баратат. Касымалиев ЖКда отчет берди