БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШнын союздаш өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трампка жагынууга аракет кылышкан, бирок бул аракеттер натыйжа бербей жаткандай сезилип, европалыктардын тынчсыздануусу күчөп баратканы тууралуу Wall Street Journal жазды.
“Европа бийликтери толук масштабдуу бөлүнүү Дональд Трамптын НАТО уюмунун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу жарыясына алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда. Мындай кырдаал аларды Вашингтондун катышуусу жок эле өз алдынча аскердик альянс түзүүгө мажбурлайт. Бул төмөн экономикалык өсүш менен күрөшүп жаткан өлкөлөр үчүн кымбатка турат”, — деп айтылат макалада.
Ишембиде Трамп февраль айында Данияга, Норвегияга, Швецияга, Францияга, Германияга, Улуу Британияга, Нидерланддарга жана Финляндияга каршы 10% өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирди. Кийинчерээк бул төлөмдөр 25%га чейин көбөйтүлүп, АКШ Гренландияны сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнгө чейин күчүндө калары айтылган.
Буга чейин НАТО боюнча бир катар европалык өнөктөш өлкөлөр, анын ичинде Нидерланддар Гренландияга чалгындоо миссиясына катышуу үчүн өз аскерлерин жөнөтүшкөн. Дания башчылык кылган миссия — НАТОнун аймактагы аскердик күчүн чыңдоо боюнча кеңири аракеттеринин бир бөлүгү.
Гренландия Дания Падышалыгынын курамында. Деген менен Трамп арал АКШнын бир бөлүгү болушу керектигин айтып-деп келет. Дания менен Гренландиянын бийлиги аралды басып алуудан этият болууну эскертип, Вашингтон алардын аймактык бүтүндүгүнө сый-урмат менен мамиле жасайт деп үмүттөнүүдө.