БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Транспорт жана байланыш министрлиги Sputnik Кыргызстанга "Манас" аэропортуна кеткен альтернативдүү жолдун картасын көрсөттү.
Жолдун маршруту Озерное жана Мраморное айылдары аркылуу, андан соң Виноградное менен Полевое айылдарына чейин өтүшү пландалууда.
Буга чейин Транспорт министрлиги өкмөт "Манас" аэропортуна альтернативдүү жол курууну пландап жатканын билдирген. Төрт тилкелүү жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкек айланма жолунун жана Жаш Гвардия проспектинин кесилишинен башталган участокто эки деңгээлдүү транспорттук айланма түйүн, жарыктандыруу жана жашылдандыруу каралган. Ага чейин изилдөө жана долбоорлоо иштери жүргүзүлөт.