БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Күмүш — өндүрүштө абдан керек металлдардын бири. Ансыз оор техникаларды, медициналык айрым жабдууларды элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан келечекте күмүшкө суроо-талап күчөгөн сайын ал кымбаттай бериши ыктымал. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, күмүш тарыхтагы ордуна, тагыраагы, монетардык системага да кайтып келиши мүмкүн.
"Алтын бар жерде күмүш бар дегендей, бул экөө тарыхта дайыма эриш-аркак жүргөн. Бул металлды адамдар акча бирдиги катары колдонгон. Эгер алтын кымбат, чоң нерселерди сатып алууда жүгүртүлсө, күмүш дан, азык-түлүк жана башка керектүү заттарды алууда пайдаланылган. Ошентип күмүш кадимкидей эле монетардык системанын ажырагыс бөлүгү болгон. Кийин кагаз акча чыкканда өндүрүштө гана колдонулуп калган. Бирок күмүштүн деле дүйнөлүк кору чектелүү. Албетте, алтынга караганда алда канча көбүрөк, бирок чексиз эмес. Учурда алтындын кору улам азайып, ал эми анын таптакыр белгисиз жаңы кени табыла элек кезде дүйнөлүк каржы системасы алтынга альтернатива издеп турган учуру жана бул максатка күмүштү чыгаруу сөздөрү жүрүп жатат. Эгер күмүш мындай жол менен монетардык системага кайтып келе турган болсо, анын наркы кескин көтөрүлүшү мүмкүн", — дейт Мамытов.
Ал ошол эле учурда күмүштүн эч качан алтындан баасы боюнча озуп кете албастыгын анын дүйнөлүк көлөмү алда канча көбүрөк экени менен түшүндүрдү.