Аязда Краков шаарын фашисттерге талкалатпай алып калган советтик аскерлер. Видео

1945-жылдын 19-январында советтик аскерлер Польшанын байыркы шаары болгон Краковду фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Sputnik
Советтик жоокерлер менен чалгынчылар Европанын эң кооз шаарларынын бирин талкалануудан сактап калганын өзүнчө белгилеп кетсек ашыктык кылбайт. Бул — бүгүнкү күндө Польшанын туристтик негизги шаарларынын бири. Бирок ал 1945-жылы январда аз жерден урандыга айланып кала жаздаган.
Шаарга коюлган тузак. 1944-жылдын жайынан тарта фашисттер Краковду коргонууга даярдап, коргонгон жана бөгөт койгон бир нече тилке түзөт. Гитлерчилер өнөр жай ишканаларына, көпүрөлөргө, дамбаларга мина койгон. Архитектуралык эстеликтер, анын ичинде поляк падышаларынын күмбөзү жайгашкан Вавель сепили да "миналуу" болгон. Рожнов дамбасы жардырылса, Кызыл армия шаарга киргенде Краковду суу каптамак. Бул апааттын алдын чалгынчы, лейтенант Алексей Ботян жетектеген жашыруун иштеген кыймыл алды. Кийин Ботян белгилүү "Майор Вихрь" тасмасындагы каармандын прототиптеринин бири болот.
Алдын ала сокку. Миналоо боюнча план колго тийгенден кийин чалгынчылар душмандын тылына сокку урат. 18-январда, шаар бошотулардан бир күн мурда, Ботяндын тобу жашыруун кыймылдын колдоосу менен Ягеллон сепилиндеги кампаны жардырган. Жүздөгөн тонна тротилдин жок кылынышы немецтерди дамбаны жардыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
Тез жана күтүүсүз чабуул. Ошентип, 81 жыл илгери кычыраган кышта, 19-январда, советтик аскерлер Краковду айланып өтүп, душманды качууга мажбур кылышкан. Манёврлар тез жасалып кеткендиктен көчөдөгү салгылаштардан шаар дээрлик жабыркаган эмес. Варшаванын азыркы саясатына карабастан, Алексей Ботян өмүрүнүн акырына чейин поляктардын чын дилден айткан ыраазылыгын эстеп жүргөн.
"Көчөдө жөнөкөй тургундар шаарын сактап калууга менин тиешем бар экенин билишкенде чын жүрөктөн ыраазы болуп, колумду кысышчу", — деп эскерген Ботян.