Быйыл ЕАЭБдеги кооперациялык долбоорлорго 9 млрд. рубль бөлүнөт

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. ЕАЭБдеги кооперациялык долбоорлорго 2026-жылы 9 миллиард рубль бөлүнөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул форматта биримдиктин ар кайсы өлкөлөрүнүн ишканалары бириктирилип, акыркы продуктуну чыгаруу үчүн өндүрүштү уюштурушат. Ал эми аларга кредиттер боюнча пайыздык чендин бир бөлүгү субсидияланат.
Башында кооперация өнөр жай тармагына гана тиешелүү болгон, бирок Кыргызстан насыя каражатынын агроөнөр жай боюнча долбоорлоруна да берилишине жетишкен.
2024-жылы бул максаттарга 1,8 миллиард рубль бөлүнгөн. Өткөн жылы 3 миллиард рубль каралып, кийин көлөмү 5,1 миллиардга чейин өскөн.
Пресс-борбор
Кыргызстан ЕАЭБдин кооперациялык программасына катышууну пландоодо