Кыргызстан алгачкы ирет суу астында иштеген дронду сыноодон өткөрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун туристтик милициясы алгачкы ирет суу астында иштеген дрон сатып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Chasing M2 PRO MAX үлгүсүндөгү дрон 200 метр тереңдикке чейин түшүп иштей алат. Бул аппарат көлдүн түбүн көзөмөлдөөгө, мыйзамсыз орнотулган балык торлорун аныктоого жана аларды чыгарууга мүмкүндүк берет.
Милициянын билдиришинче, заманбап техниканы колдонуу Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту күчөтүүгө, мыйзам бузуу фактыларын алдын алууга жана кызматтык иштин сапатын жакшыртууга багытталган.
Суу астында иштей турган дрондун жардамы менен Чолпон-Ата шаарында көлдүн түбүндө көптөн бери жаткан балык уулоочу тор табылып, суу бетине чыгарылды.
Урук чачуу мезгилине байланыштуу балык уулоого убактылуу тыюу салынды