Кочкордо үй тоногону кирип, ээсин өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кочкордо үй тоногону кирип, ээсин өлтүргөн киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук сот чыгарган өкүмдө айтылды.
Маалыматка караганда, окуя 7-январда Дөң-Алыш айылында болгон. Ички иштер министрлиги кылмышкер үй ээсин арматура менен чаап, 500 миң сомун уурдап кеткенин билдирген. Шектүү катары Нарын облусунун 43 жаштагы К.У.К. аттуу тургуну кармалган. Үйдүн ээси эсине келбей ооруканада каза болгон.
Соттук териштирүүдө каза болгон үй кожойкеси айыпталуучунун классташы экени аныкталган. К.У.К. адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча күнөөсүн танып, каракчылык фактысы боюнча кинени толугу менен мойнуна алган.
"Ал жабырлануучу менен соода-сатык мамиле кылып жүргөн. Өзүнүн 832 миң сомун жоготуп алып, ууруга кирген үйдүн ээсине 1 миллион 348 миң сом карыз болуп, айласы куруганда каракчылык кылганын айтып берген. Дөң-Алыштагы үйгө акча алуу үчүн кирип, кожойке ойгонуп кеткенде аны арматура менен урган", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышкер уурдап чыккан 500 миң сомдун 190 миңин кызына, 150 миңди аялына которуп, калганын да коротконун айткан. Өлкөдөн качып кетүүгө камынып, аэропорттон кармалган.
Чүйдө туугандар ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисине бычак сайды