БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Гренландиянын сатылышына Евробиримдиктин унчукпай макул болуп турушу Киев үчүн апаат болорун Guardian басылмасы жазды.
"Гренландия 1985-жылы Европа жамаатынан чыгып кеткен. Ошого карабастан Евробиримдикке мүчө мамлекеттин аймагын мажбурлап сатууга макул болушу ЕБдин дүйнөдөгү саясий ролуна шек келтирип, Украинага болгон колдоосунан да күмөн жаратмак", — деп айтылган маалыматта.
Европалыктардын кайрып сөз айтпай, маселени дипломатиялык жол менен гана чечүүгө аракет кылышы Трампты "жайгаруу" аракети ийгиликсиз экенин көрсөтүп жатканын басылма белгилейт.
Ак үйдүн кожоюну ишемби күнү февраль айында 10 пайыздык бажы салыгын киргизе турганын жар салган. Бул Данияга, Норвегияга, Францияга, Улуу Британияга, Нидерланддарга жана Финляндияга карата колдонулуп, июнда 25 пайызга чамалап жана Американын Гренландияны сатып алган келишимин бекиткенге чейин уланарын билдирди.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы эле. Падышалыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү жүргүзүп келет.