БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. УКМК мыйзамсыз иштеген "Путь в жизнь" аттуу реабилитациялык борбордун сегиз кызматкерин кармады.
Атайын кызматтын айтымында, аталган жай ар кандай көз карандылыктан жабыркаган адамдарга психиатриялык жардам көрсөтөбүз деп иштеп келген. Бирок андагы кызматкерлердин жогорку медициналык билими болгон эмес, айрымдары ошол эле жерден мурда дарыланып чыккандар болгон.
УКМК борбордун кызматкерлери жетекчисинин көрсөтмөсү менен оор абалдагы бейтаптарды тынчтандыруу үчүн колу-бутун керебетке байлап, таяк, электрошокер сымал нерселер менен аеосуз сабашканын айтты. Видеодон кишинин башы скотчтолгонун да көрүүгө болот. Ал эми баш ийбегендер изоляторго киргизилип, 7-8 күнгө памперс менен калышкан.
"Ошондой эле бейтаптарды жугуштуу ооруларына жараша бөлүү принциптери сакталбагандыгы аныкталган. Бардык бейтаптар жалпы шартта жайгаштырылып, аталган оорулардын алып жүрүүчүлөрүнөн сактанууга мүмкүнчүлүк берилген эмес", – деп жазылат маалыматта.
УКМК бейтаптардын жакындары мындай дарылоо "ыкмаларынан" кабары болбогонун белгиледи. Ошол эле маалда дарылоонун акысы айына 80 миң сом болгону айтылды.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык, И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган борбордон жабыркагандар УКМКга 0312530301 номери аркылуу кабарлап коюуга болот.