БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн жапырт алмаштырылып жатканынын чоо-жайы айтылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип, маселени ачыктаган.
Өлкө башчынын айтымында, айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу чечими коопсуздук жана мамлекеттин эл аралык аброю үчүн кабыл алынган. Анткени мурда чет өлкөлөрдө чыгарылган эски үлгүдөгү документтердин коргоо деңгээли алсыз болуп, жасалмалоо фактылары кеңири тараган. Айрым жасалма ID-паспорттор жана айдоочулук күбөлүктөр менен кылмышка, атүгүл террорчулукка байланышкан учурлар катталып, бул Кыргызстанга олуттуу имидждик зыян келтирген.
“Азыр бардык мамлекеттик документтер “Учкун” ишканасында жогорку коргоо элементтери менен чыгарылууда. Эми эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр толук жыйналып, жокко чыгарылат. Бул жасалма документтерди Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да колдонууга бөгөт коёт”, — деп белгилеген ал.
Президент ошондой эле мөөнөтсүз күбөлүктөр да алмаштырылышы керектигин, бул үчүн медициналык маалым кат талап кылынбай турганын айткан. Ал эми “Түндүк” порталындагы мүчүлүштүктөр серверлердин алсыздыгы жана жарандардын бир учурда көп киришинен улам болгон. Маселени чечүү үчүн платформаны модернизациялоого 130 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.