БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу белгисиз мөөнөткө узартылды. Бул тууралуу "Унаа" мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин акыркы мөөнөт 15-февралга чейин деп белгиленген.
"Кечээ бул чектөө алынды. Айдоочулардан шашылбоону суранат элем. Документтер Кыргызстанда басылып чыгарылат, ошондуктан бланктардын тартыштыгы жаралбайт", — деди Жакишев ОшТВге берген маегинде.
Ал ошондой эле мөөнөтү чектелбеген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формасындагы медициналык маалым кат талап кылынбай турганын эскертти.