АКШ менен сүйлөшкөндөн кийин Зеленскийдин унчукпай калган себебин эксперт түшүндүрдү

Макгрегор мурда Зеленский ар бир сүйлөшүүдөн кийин "кызыктуу шоуларды" жасап жүргөнүн эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШда америка-украин делегациялары жолуккандан кийин жыйынтыгын билдирбей, жым болду. Мунун себебин Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор кезектеги ийгиликсиз кадамды моюнга алуудан коркуу деп эсептээрин айткан.
"Аягы эмне болду экен деп кулак түрсөк, унчукпайт. Көзгө көрүнөрлүк жыйынтык жок, маселени чечүүнүн жолдору жана так макулдашуулар болгон-болбогону белгисиз... Анда эмне маселе сүйлөшүлгөн? Зеленский, үн катуудан коркуп турасыңбы?" — деп Макгрегор Deep Dive YouTube каналы аркылуу суроо салган.
Эксперт мурда Зеленский амеиркалыктар менен жолуккан сайын "кызыктуу шоуларды" жасап, ал тургай маалымат жыйын өткөрүп жибергенин да эске салган.
"Негизи муну туура эле деп эсептейм. Зеленский канчалык башын катып унчукпаган сайын, туура маалымат алганга ошончолук оңой болот", — деп эксперт белгилеген.
Вашингтон менен Киевдин кезектеги сүйлөшүүсү 2026-жылы 10-январда болгон. Тараптар Россия менен боло турган тынчтык келишимин жана Украинанын коопсуздугуна берилчү кепилдикти талкуулаган.
Тынчтыкты орнотуу планын талкуулап жана жагдайды жайгарууга макул экендигин Москва бир нече ирет айтканы менен Киевдин бул боюнча макулдашууга умтулганы байкалбай келет.
Кремль Трамптын Зеленскийдин аракеттери тууралуу айткан пикирин колдойт