20-январга карата аба ырайы

20-январга караган түнү айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. 20-январь, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Эртең менен туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында -1...-6 градус суук, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө -1...+4 градуска чейин жылуу болот. Баткенде -3...+2 градуска чейин жылыса, Ысык-Көлдө -2...+3, Нарын жергесинде -5...-10 градус суук болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте -2...-4, Ош шаарында 0...+2 градуска чейин жылуу болору болжолдонду.
"Манас" аэропортуна чейин курула турган альтернативдүү жолдун схемасы көрсөтүлдү